Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуубоюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө
Салыктык милдеттенмелердин аткарылышын башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана ишкердик субъекттерине жагымдуу шарттарды түзүү боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1561 жана 282-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 1-июлунан тартып 2020-жылдын 1-январына чейин кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр үчүн эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө ыктыярдуу тартипте колдонуу боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары – пилоттук долбоор) жүргүзсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн убактылуу тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
2) эсеп-фактураларды тариздөөнүн жана колдонуунун убактылуу тартиби, 2-тиркемеге ылайык;
3) товарлар боюнча электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуралардын формасы, 3-тиркемеге ылайык;
4) жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр боюнча электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын формасы, 4-тиркемеге ылайык;
5) товарлар боюнча кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуранын формасы, 5-тиркемеге ылайык;
6) жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр боюнча кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуранын формасы, 6-тиркемеге ылайык;
7) эсеп-фактуралардын колдонулбаган серияларынын жана номерлеринин калдыктары жөнүндө кабарлоонун формасы, 7-тиркемеге ылайык.
3. Пилоттук долбоорго катышууну чечкен кошумча нарк салыгын (мындан ары- КНС) төлөөчү:
1) Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн убактылуу тартибине ылайык пилоттук долбоордун катышуучусу катары катталат;
2) ушул токтомдун 7-тиркемесине ылайык форма боюнча КНС эсеп-фактураларынын калган колдонулбаган сериялары жана номерлери жөнүндө кабарлоону пилоттук долбоорго катышуу үчүн каттоо тууралуу салык органынын чечими кабыл алынган датадан мурунку ай үчүн КНС отчёту менен бирге салыктык катталган жери боюнча салык органына берет;
3) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык формада жана тартипте электрондук эсеп-фактураны тариздейт.
4. Пилоттук долбоордун катышуучусу берген КНС эсеп-фактураларынын калган колдонулбаган сериялары жана номерлери жөнүндө кабарлоонун жана пилоттук долбоорго катышуу үчүн каттоо тууралуу салык органы чечим кабыл алган датадан мурунку ай үчүн КНС боюнча салык отчётунун негизинде салык органы тарабынан КНС эсеп-фактураларынын калган колдонулбаган серияларын жана номерлерин, анын ичинде КНСтин тармактык эсеп-фактурасын жараксыз деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынат.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 «Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун аракети пилоттук долбоорго катышуучу катары каттоо тууралуу салык органы чечим кабыл алган датадан тартып пилоттук долбоорго катышкан КНС салыгын төлөөчүлөргө колдонулбайт.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
- пилоттук долбоорду жүргүзүүгө байланыштуу уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин;
- салык төлөөчүлөр арасында пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө түшүндүрүү жана маалыматтык иштерди өткөрсүн;
- пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган маалыматтык ресурстардын ыйгарым укуктуу техникалык оператору менен бирдикте ушул токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев