Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү маселелери жөнүндө
Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү процессин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесине, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков