КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-декабрындагы № 839 токтому

Кыргыз Республикасында аскердик-транспорттук милдет жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында аскердик-транспорттук милдет жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 10-апрелиндеги № 194 “Аскердик-транспорттук милдет жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                       С.Ж.Исаков