“Жаратылышты өнүктүрүү фонду” коомдук фондун түзүү жөнүндө
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды күчөтүү жана жаратылышты коргоо иш-чараларын өнүктүрүү, 2017-жылдын 11-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана “Центерра Голд Инк.” компаниясынын жана “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” жабык акционердик коомунун ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашууну ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” коомдук фонду түзүлсүн.
2. “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” коомдук фондунун уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” коомдук фонду ушул токтомдон келип чыгуучу баардык чараларды белгиленген тартипте көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” коомдук фондунун иштеши үчүн коммуналдык жана эксплутациялык чыгымдарды төлөө шарттарында Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106 дареги боюнча жайгашкан имараттын ичинен жай берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков