Жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-(башталгыч) класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу чаралары жөнүндө
Жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-(башталгыч) класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 1-4-(башталгыч) класстардын окуучулары үчүн ысык тамак берүү жана нан-булочкаларын бышыруу уюштурулган жалпы билим берүү мекемелеринин тизмеги (мындан ары - Тизмек) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- Тизмекке киргизилген жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-(башталгыч) класстарынын окуучулары үчүн ысык тамак берүүнү жана нан-булочкаларын бышырууну уюштуруу боюнча иш-чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирдикте жалпы билим берүү уюмдарында иштеген ашпозчуларга квалификациялык талаптарды иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 “Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин эскертүүсүндө:
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1-4-(башталгыч) класстарынын окуучулары үчүн ысык тамак берүү жана нан-булочкаларын бышыруу уюштурулган жалпы билим берүү уюмдарында ашпозчунун кызмат орду төмөнкүдөй эсептөө боюнча каралган:1-4-(башталгыч) класстарынын 100гө чейинки окуучуну тейлесе - 0,5 ставка,1-4-(башталгыч) класстарынын кийинки ар бир 50 окуучусу үчүн - 0,25 ставка, бирок жалпы билим берүү уюмуна 3төн ашпаган штаттык бирдик.
Ашпозчулардын ставкаларын эсептөөдө 0,25ке чейин тегеректөө эрежеси колдонулат (0,13 ставкага чейин = 0 ставка, 0,13төн 0,25ке чейин = 0,25 ставка).
1-мисал. Жалпы билим берүү уюмунда ысык тамак менен 1-4-(башталгыч) классынын 125 окуучусу камсыздалган.
Бул учурда, ашпозчунун ставкасы (0,5 ставка + 0,125 ставка = 0,5 ставка) болот.
2-мисал. Жалпы билим берүү уюмдарында ысык тамак менен 1-4-(башталгыч классында) 126 окуучу камсыздалат.
Мындай учурда, ашпозчулардын ставкасы (0,5 ставка + 0,13 ставка = 0,5 ставка + 0,25 ставка = 0,75 ставка) болот.”.
4. Ушул токтомдун ишке ашырылышы менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине республикалык бюджеттен тийиштүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылаары белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018- жылдын 1- январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков