Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо маселеси жөнүндө
Билим берүү секторунда финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43 жана 44-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бир окуучуга карата (коммуналдык чыгымдардан тышкары) бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 563 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын каржылоонун ченемдик принцибине которуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бир окуучуга карата (коммуналдык чыгымдардан тышкары) бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдери жалпы билими берүүчү уюмдарды каржылоонун шарттары өзгөргөн учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.”.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 “Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ченемдик каржылоонун механизми жайылтылбаган Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын тизмеги төмөнкүдөй мазмундагы 163-170-пункттар менен толукталсын:
«
163 | Бишкек шаары | Абдылда Каниметов атындагы № 1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернаты | |
164 | Бишкек шаары | Т. Молдо атындагы № 71 жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн жалпы орто билим берүүчү интернат мектеп | |
165 | Бишкек шаары | Герман Гмайнер атындагы SOS окуу тарбиялоо комплекси | |
166 | Бишкек шаары | № 10 кечки (нөөмөттүү) жалпы билим берүүчү мектеп | |
167 | Бишкек шаары | № 7 жумушчу жаштардын жалпы орто билим берүүчү мектеби | |
168 | Бишкек шаары | № 22 атайын (көмөкчү) мектеп | |
169 | Бишкек шаары | № 30 атайын (көмөкчү) мектеп | |
170 | Бишкек шаары | № 34 атайын (көмөкчү) мектеп |
».
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бир окуучуга карата (коммуналдык чыгымдардан тышкары) бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдеринин негизинде жалпы билим берүүчү уюмдардын 2018-жылга бюджетин республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин мүмкүнчүлүгүнө жараша аныктасын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бир окуучуга карата (коммуналдык чыгымдардан тышкары) бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын 2018-жылы 90,5 пайыз өлчөмүндө, 2019-жылы 93,0 пайыз өлчөмүндө, 2020-жылы 95 пайыз өлчөмүндө жана 2021-жылы - 100 пайыз өлчөмүндө каржылоону камсыздасын.
6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана/же райондук жана/же райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрү финансылык тобокелдери бар жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн бюджеттик каржылоонун типтүү ченеми менен аныкталган бюджеттен тышкары 30 пайызга чейин дотация чектөөгө укуктуу экени белгиленсин. Дотациялар ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бир окуучуга карата (коммуналдык чыгымдардан тышкары) бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерине ылайык 2017-2020-жылдарга эсептелген бюджеттик чыгымдардын чегинде, эмгек акы төлөө фондунун өсүшүн чектөөнүн эсебинен 30 пайыздан ашпастан бөлүнөт.
7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 “Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө” токтомуна ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-майындагы № 281 “2015-жылга Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо стандарттарынын шкаласын (коммуналдык чыгымдарсыз) бекитүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ж.Исаков