КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 844 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-июнундагы № 381 “Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын аккредитациялоо тартибин жана Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу, аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 Негизги жана/же жалпы орто, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-июнундагы № 381 “Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын аккредитациялоо тартибин жана Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу, аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышындагы “Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын аккредитациялоо тартибин” деген сөздөр “Негизги жана/же орто жалпы, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын аккредитациялоонун тартибин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- преамбуласы “жана/же жалпы билим берүү” деген сөздөрдөн кийин “, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү” деген сөздөр менен толукталсын;

- 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

- “Негизги жана/же орто жалпы, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын аккредитациялоонун тартиби, 1-тиркемеге ылайык;

- жогоруда аталган токтомдун 1 жана 2-тиркемелери ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияларда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

- билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин арасында билим берүүчү уюмдарды аккредитациялоо маселеси боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тиркеме

Премьер-министр                                                                                                               С.Ж.Исаков