КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-декабрындагы № 838 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 707  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы  жөнүндө  жобону бекитүү тууралуу”  токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 

Мыйзам долбоорлорун илгерилетүүнү координациялоо жана мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүргүзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 707 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жободо:

- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзам долбоорлорун жактоодо жана мамлекеттик органдын жетекчиси жок болгондо анын милдетин убактылуу аткаруу учурларынан тышкары, статс-катчыга мамлекеттик органдын тармактык функцияларын ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктардын берилиши мүмкүн эмес.”.

 2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр                                                                         С.Ж.Исаков

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу