КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-декабрындагы № 832 токтому

Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында турак жай комплекстерин эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө 

«Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Турак жай имараттарынын батирлерин газ отунундагы жылуулук генераторлору менен жабдууну эске алып, төмөнкү он беш турак үйдү долбоорлоо жана куруу - эксперименттик долбоор катары эсептелсин:

- Бишкек шаары, Калык Акиев көчөсү, 1а дареги боюнча жайгашкан алты үйдөн турган турак жай комплекси;

- Чүй облусу, Аламүдүн району, Көк-Жар айылы, Карагул-Акмат көчөсү, номери жок дареги боюнча жайгашкан “Сейтек” турак жай массивиндеги тогуз үй.

2. «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомуна ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн турак үйлөрдү жылытуу, тамак-аш жасоо үчүн газ менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу боюнча маселени чечүү сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги эксперименттик объекттерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо  оң жыйынтыктарды берген учурда бийиктиги 10 кабаттан ашпаган турак жай имараттарынын газ менен жабдуу системасын долбоорлоо жана куруу чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                     С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу