КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 813 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 128 Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесин бекитүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

Жер үстүндөгү сууларды коргоо боюнча иш-чараларды өркүндөтүү максатында, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17- беренелерин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесин бекитүү жөнүндөгү» №128 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесине:

    - 3-пунктагы «жана экологиялык бакубатчылыкты деген сөздү» «, экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыкты»    деген сөзгө алмаштыруу керек.

      - 8-пункт төмөнкү мазмундагы тогузунчу - он биринчи абзац менен толукталсын:

      «-туризм, спорт жана калк массалык эс алуучу жерлерге, өнөр жайлардын, айыл чарбасынын, шаардын агынды сууларын агызууга тыюу салынат»;

        «-табигый дарылык ресурстардан турган суу объекттерине, өнөр жайлардын, айыл чарбасынын, шаардын агынды сууларын агызууга жана уюшулган жаан сууларын агызууга тыюу салынат»;

«-чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу булактарын санитардык коргоо зонасынын экинчи алкагынын чегинде, эгерде агынды сууларда булгоочу заттар жана микроорганизмдер ушул Эрежелердин 1-тиркемесиндеги гигиеналык ченемдердин белгиленген нормасынан ашып кетсе, агызуу тыюу салынат»;

-37 пункттун  2 - абзацындагы «коомдук саламаттыкты сактоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сүйлөмдү «Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган» деген сүйлөмгө алмаштыруу керек. 

 -  төмөнкү маанидеги 431 пункту менен толукталсын:

«431. Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги  жаатындагы ыйгарым укуктуу орган калктын маданий-тиричиликте суу пайдалануусунун суу объекттеринин суусунун сапатына сууга түшүү сезону башталганга чейин кеминде эки жолу жана сууга түшүү сезонунун учурунда айына кеминде эки жолу лабораториялык контроль жүргүзөт».

 1-тиркемеге:

-       12 пунктагы «Ооруларды» деген сөздү «Жугуштуу ичеги-карын

ооруларынын» деген сөзгө алмаштыруу керек.

-       13 пункт төмөнкүдөй мазмунда редакциялансын:

«

13Жалпы ичеги таякчасына окшош бактериялардын жалпы саны ашуун эмес100 мл суудагы бактериялардын саны-1000100 мл суудагы бактериялардын саны-500--

                                                                                                                    ».

- төмөнкү маанидеги 13-пункт менен толукталсын:

«

131Жылуулукка туруктуу ичеги таякчасына окшош бактериялар жана жалпы ичеги таякчасына окшош бактериялардын жалпы саны ашуун эмес:100 мл суудагы бактериялардын саны-100100 мл суудагы бактериялардын саны-100--

                                                                                                                              »;

-         14 пункт төмөнкүдөй мазмунда редакциялансын:

«

14Ичеги фагы(бляшкалоочу бирдикте)  ашуун эмес:10 БПКБ/100 мл10БПКБ/100 мл--

                                                                                                                              »;

2. Бул токтом расмий  жарыяланган күндөн баштап 15 күн өткөндөн соң күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                      С.Дж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу