КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 823 токтому

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартибин бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамынын кеминде үчтөн эки бөлүгү түзүлгөн күндөн тартып төлөнөөрү белгиленсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                               С.Ж.Исаков