КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-декабрындагы № 831 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 «Продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 

Кыргыз Республикасынын аймагында Евразиялык экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин күчүнө киргендигине байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

    1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 «Продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 жогоруда аталган  токтом менен бекитилген Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталуучу продукциялардын тизмеги ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

       2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.


Премьер-министр                                                                               С.Ж.Исаков