Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү ишин аккредитациялоо маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Билим берүү уюмдарын/программаларын аккредитациялоо жол-жобосун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, «Кыргыз Республикасынын ϴкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 438 «Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңеш жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңеш жөнүндө жободо:
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- уюмдардан келип түшкөн арыздарды кароо жана аларды аккредитациялык агенттик катары таануу/таануудан баш тартуу жөнүндө объективдүү чечим кабыл алуу;
- аккредитациялык агенттиктер тарабынан алардын ишине коюлуучу талаптардын сакталышына мониторинг жүргүзүү.»;
- 7-пунктунда:
төртүнчү абзацындагы «үч» деген сөз «эки» деген сөз менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацындагы «байкоочу» деген сөз алып салынсын;
алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- башталгыч, орто, орто жана жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүүчү уюмдарынын жетекчилери болуп саналбаган эки өкүлү;»;
жетинчи абзацындагы «эки» деген сөз «үч» деген сөз менен алмаштырылсын;
сегизинчи абзацындагы «эки» деген сөз «үч» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 8-пунктундагы «тиешелүү мамлекеттик органдардын коллегиясынын чечими» деген сөздөр «ушул органдын көрсөтмөсү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9. Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кеңешинин өкүлү ушул коомдук кеңештин чечими менен Кеңештин курамына көрсөтүлөт.»;
- 13-пунктунда:
экинчи абзацындагы «15» деген цифралар «10» деген цифралар менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы «менеджменти» деген сөз «кепилдиги» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 14-пунктунун экинчи жана төртүнчү абзацтарындагы «5» деген цифра «3» деген цифра менен алмаштырылсын;
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15. Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кеңештин курамын түзүү үчүн өзүнүн сайтында жана «Кут Билим» гезитинде ушул Жобонун 8-12-пункттарында аталган уюмдардан арыз берүү мөөнөтүн жана тартибин көрсөтүү менен арыз кабыл алуу жөнүндө кулактандыруу жайгаштырат.
Уюмдардан келип түшкөн арыздарды билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коллегиясы карап, ушул Жобонун 13 жана 14-пункттарында аталган талаптарга ылайык көрсөтүлгөн талапкерлерди тандап алат.
Кеңештин курамы билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен беш жылдык мөөнөткө билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коллегиясынын чечиминин негизинде бекитилип, анын сайтына жайгаштырылат.»;
- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«21. Кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда Кеңештин мүчөлөрүнүн бош орундарына ушул Жободо каралган тартипте эки айдан кеч эмес мөөнөттө башка адамдар дайындалышы керек.»;
- 22-пунктунун жетинчи абзацындагы «жалпыга маалымдоо каражаттарында» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 24-пунктунун төртүнчү жана бешинчи абзацтарындагы «жалпыга маалымдоо каражаттарында» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 670 «Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында көз карандысыз аккредитация боюнча актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү жаатындагы аккредитациялык агенттиктерди таануунун тартибинде:
- 4-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) бекитилген критерийлер, стандарттар, аккредитациялоо жана чечим кабыл алуу жол-жоболору, аккредитациялоонун натыйжалары жөнүндө маалымат жайгаштырылган Агенттиктин веб-сайты;»;
- 5-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) билим берүүдөгү сапатты камсыздаган агенттиктердин эл аралык тармактарына киргизүүсү;»;
- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
«6) жогоруда белгиленген документтерди камтыган электрондук маалымат каражаты.»;
- 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Агенттиктин иши боюнча арыздар келип түшкөн учурда Кеңеш Агенттиктин ишине пландан тышкаркы мониторинг жүргүзүүгө укуктуу.»;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун тартибинде:
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Бир билим берүү уюмунун/программасынын чегинде аккредитациялоонун мөөнөтү 6 айдан кем эмес убакытты түзүшү керек.»;
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«13. Аккредитациялоонун алдында билим берүү уюму өзүн-өзү баалоосу зарыл. Өзүн-өзү баалоонун максаты билим берүү уюмунун ишинин жана программаларынын институттук жана программалык аккредитациялоонун стандарттарына жана критерийлерине, ошондой эле билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына шайкештигин баалоо болуп саналат.
Билим берүү уюмунун/билим берүү программасынын өзүн-өзү баалоосу Мамлекеттик билим берүү стандартынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 670 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аккредитациялануучу башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптарына ылайык Агенттик тарабынан белгиленген стандарттардын жана критерийлердин негизинде өткөрүлөт.
Билим берүү уюму Өзүн-өзү баалоонун материалдарын отчет түрүндө өзүн-өзү баалоо жол-жобосу аяктаган күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде Агенттик тарабынан отчетко карата белгиленген талаптарга жараша Агенттикке берет.»
Өзүн-өзү баалоо мөөнөтү аккредитациялануучу билим берүү уюму менен макулдашылат жана Агенттик тарабынан бекитилет.»;
- 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Аккредитациялоодон өтүү жөнүндө арыз акыркы аккредитациялоонун мөөнөтү аяктаганга 6 айдан кем эмес мөөнөт калганда берилет.»;
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15. Агенттик арыз менен документтер катталган күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде билим берүү уюмун аккредитациялоо маселесинин бул Агенттиктин компетенциясына кирүүсүн, аккредитациялоо үчүн арналган бардык билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууга лицензиясынын бар экендигин, арыз менен документтердин туура жана толук таризделишин жана толтурулушун текшерет.»;
- 16-пунктундагы түрдүү жөндөмөдөгү «уюм» деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү «билим берүү уюму» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-пунктундагы түрдүү жөндөмөдөгү «уюм» деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү «билим берүү уюму» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19-пунктунун биринчи абзацындагы «Агенттик» деген сөз «комиссия» деген сөз менен алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аккредитациялануучу башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптарда:
- 2-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«академиялык бедел – бүтүрүүчүлөрдү окутуунун натыйжалары, профессордук-окутуучулук курамдын илимий жетишкендиктери жана билим берүү уюмунун академиялык ресурстары менен аныкталуучу билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапаттык деңгээлин коомдук аң-сезимде жана кесиптик коомдоштукта кабыл алуу;»;
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«билим берүү уюмунун миссиясы – билим берүү уюмунун статусун, иш принциптерин, билдирүүлөрүн жана мүдөөлөрүн аныктоочу негизги милдети, өзүнүн потенциалына объективдүү баа берүүдөн келип чыгуучу негизги стратегиялык максаттардын жыйындысы;»;
сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«окутуунун натыйжалары – билим берүү процессинин аягында окуучу (студент) кайсы билимге, ыкмага жана жөндөмгө ээ болушунун так баяндалышы.».
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков