КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 825 токтому

Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Республикалык бюджеттин каражаттарын натыйжалуу чыгымдоо жана финансылык тартипти бекемдөө максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 57-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине  ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                     С.Ж.Исаков