Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Барпы айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Маркай, Сай жана Ачы айылдарынын жер көчкүнүн жүрүшүнөн жабыр тарткан жарандарын, ошондой эле жер кɵчкү жүрүү коркунучу бар жерлерде жашагандарды коопсуз райондорго кɵчүрүү жана жогоруда аталган айылдардын тургундарынын ɵмүрүн сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине жана «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 10-сентябрындагы № 189 токтомун, Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 23-августундагы № 40-т токтомун эске алып, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы 24,6 га жер «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун, анын ичинен:
- Барпы айыл аймагынын Курук-Сай участогунда жайгашкан 5,0 га кайрак айдоо жер (№ 152 контурда);
- Барпы айыл аймагындагы Курук-Сай, Жар-Кыштак, Боз-Чычкан участокторундагы 19,60 га жайыт жерлер (№ 153, 398, 1026, 676, 677 контурлар).
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерге шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев