КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 824 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин жаңы редакциясына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 745 “Оор оору менен ооруган эркинен ажыратууга соттолгондорду медициналык күбөлөндүрүү жана аларды андан ары жаза өтөөдөн бошотууну сунуш кылуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- преамбуласындагы “71” жана “145” деген цифралар тиешелүү түрдө “91” жана “160” деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 696 “Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда медициналык жардам көрсөтүүнүн тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- преамбуласындагы “73” деген цифралар тиешелүү түрдө “101” деген цифралар менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                   С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу