Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө
Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2017-жылдын 30-декабрындагы жана 2018-жылдын 8-январындагы дем алыш күндөрү тиешелүү түрдө 2018-жылдын 2-январындагы жана 3-январындагы иш күндөрүнө которулсун.
2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине 2017-жылдын 30-декабрындагы жана 2018-жылдын 8-январындагы дем алыш күндөрүн тиешелүү түрдө 2018-жылдын 2-январындагы жана 3-январындагы иш күндөрүнө которуу сунушталсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков