КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрдагы № 819 токтому

Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө 

Айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүүнүн бирдиктүү тартибин киргизүү максатында, «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25 жана 27-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелери, 1-тиркемеге ылайык;

-       Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелери, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 «Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестринде:

- «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги» бөлүмүндө:

«Башкы мамлекеттик техникалык инспекция» бөлүмчөсү күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 76 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жөнүндө жободо:

-      6-пункттун он бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 420 «Автотранспорт каражаттарын башкарууга экзамендерди кабыл алуу, граждандарга айдоочунун күбөлүгүн жана айдоочуларды автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтому;

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-июнундагы № 449 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун  2-пункту;

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын  28-декабрындагы № 620 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы № 603 «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Башкы мамлекеттик техникалык инспекция органдары тарабынан тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды (автотранспорттон башкасын), алардын чиркегичтерин, ошондой эле технологиялык түзүлүштөрдү мамлекеттик каттоонун, кайра каттоонун жана эсепке алуунун, техникалык кароо жүргүзүүнүн, квалификациялык экзамендерди алуунун жана тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому;

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 510 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 420 «Автотранспорт каражаттарын башкарууга экзамен кабыл алуу, граждандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана айдоочуларды автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын  23-апрелиндеги № 244 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 420 «Автотранспорт каражаттарын башкарууга экзамен кабыл алуу, граждандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана айдоочуларды автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө  кирет.


Премьер-министр                                                                     С.Ж.Исаков