КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 812 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн асыл тукум заводдору жана асыл тукум фермасы статусу ыйгарылган чарбалык субъектерге мамлекеттик субсидия төлөп берүү жөнүндө

         Асыл тукум малдын андан ары өнүгүүсү, генетикалык ресурстарын сактоо, генефонддуу чарбаларды түзүү, учурдагы пародалардын пародалык жана асыл тукумдук сапаттарын жакшыртуу жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

         1. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн асыл тукум заводдору жана асыл тукум фермасы статусу ыйгарылган чарбалык субъектерге мамлекеттик субсидия төлөп берүүнүн механизми жөнүндө» жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

         2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ар бир жылы республикалык бюджетин түзүү учурунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү асыл тукум заводдору жана асыл тукум фермасы статусу ыйгарылган чарбалык субъектерге, мамлекет тарабынан субсидия төлөп берүүгө акча каражат бөлүп туруу каралсын.

         3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жоопкерчилик жүктөлсүн:

- асыл тукум заводдору жана фермаларына статус ыйгарылган субъектерге бөлүнгөн субсидиялык бюджеттик каражаты максатуу пайдаланылышын жана бөлүнүшү боюнча;

- асыл тукум малга субсидия берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине так жана бүткөн түргө келтирилген документалдуу эсеби менен маалымат берилип ошондой эле өткөөл мезгилдеги базар баасындагы малдын наркынын көрсөткүчтөрү болуусу боюнча.

         4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун “Асыл тукум заводдору жана асыл тукум фермалары статусун ыйгаруу жөнүндө” токтомундагы чарба субъекттердин 01.01.2017 жылга чейинки карыздары, Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздандыруу Фонддунда 2030 жылга чейин узартылуусу каралып чыксын.

         5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

         6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                    С.Ш.Жээнбеков