КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 809 токтому

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 «Банкроттук процесстин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 «Банкроттук процесстин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банкроттук процесстин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерде:

- 3.15-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 3.15.6-пункту менен толукталсын:

«3.15.6. Кредитордун жазуу жүзүндөгү сурамынын негизинде администратор ушундай сурамды алган учурдан тартып он жумуш күндөн кечиктирбестен банкроттук жол-жобосун ишке ашыруу жана карызкордун финансылык абалы жөнүндө кабарлоого милдеттүү.»;

- 4.17-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 4.17.21-пункту менен толукталсын:

«4.17.21. Кредиторлордун чогулушу чарбалык ишти жана карызкорду реабилитациялоо планын ишке ашыруу үчүн күрөө менен камсыздалбаган кредит алууга тышкы башкаруучуга макулдук берүүгө укуктуу.

Тышкы башкаруучу күрөө менен камсыздалбаган кредит ала албаса, сот кредиторлордун чогулушунун макулдугу менен күрөө предмети болуп саналбаган карызкордун мүлкү менен камсыздалган кредит алууга тышкы башкаруучуга уруксат берет.»;

-     6.6-бөлүмүнүн 6.6.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«6.6.2. Эгерде, кызыкдар тарап кредитор болбосо, анда банкроттук процесс башталганга чейин бир жылдын ичинде ушул кызыкдар тарап менен карызкордун ортосундагы кандай гана болбосун бүтүмдөр администратордун арызы боюнча сот тарабынан аныксыз болуп таанылат, эгер:

1) бүтүмдү аткаруу карызкордун төлөө жөндөмсүздүгүнө алып келсе;

2) бүтүмдүн баасы бүтүмдү аткаруу учурунда анын рыноктук баасына караганда кыйла кымбат же арзан болсо жана бүтүмдүн кесепеттери финансылык жоготууларга алып келсе.»;

- 10.3-бөлүмүнүн 10.3.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 101-пунктча менен толукталсын:

«101) банкроттук процесс башталганга чейин карызкор менен түзүлгөн, эки тарап тең толугу же жарым-жартылай аткарбаган келишимдерди аткаруудан баш тартуу, эгер:

- келишим аффилирленген жак менен түзүлсө;

- келишим мурда түзүлгөн ушуга окшош келишимдерге салыштырганда карызкор үчүн оор шарттарды камтыса;

- келишим узак мөөнөттүү (бир жылдан ашык) болсо же карызкор үчүн натыйжаларды узак мөөнөттүү келечекте гана алууга эсептелсе;

- келишимди аткаруу кредиторлор үчүн жагымсыз кесепеттерге алып келсе;».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

        

Премьер-министр                                                                     С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу