Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-июлундагы № 303 “Кыргыз Республикасында медициналык дипломдон кийинки билим берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Саламаттык сактоо тармагында адистерди даярдоо сапатын жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-июлундагы № 303 “Кыргыз Республикасында медициналык дипломдон кийинки билим берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Ординатура жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.”;
- 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Интернатура жөнүндө жобо күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Клиникалык ординатура жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков