Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны төлөө жөнүндө
Аскер кызматчыларынын турак жайды (жашоо аянтын) убактылуу жалдагандыгы үчүн акчалай компенсация төлөө маселелерин иретке келтирүү максатында, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына турак жайды (жашоо аянтын) убактылуу жалдагандыгы үчүн акчалай компенсация төлөө жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген мамлекеттик органдардын, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын жетекчилери:
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомдун талаптарына ылайык келтиришсин;
- турак жайды (жашоо аянтын) убактылуу жалдагандыгы үчүн айлык акчалай компенсацияны тиешелүү жылга бекитилген каражаттардын так чегинде төлөшсүн.
3. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аскер кызматчыларынын турак жайды (жашоо аянтын) убактылуу жалдагандыгы үчүн акчалай компенсация төлөөнү аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын белгилөөгө багытталган “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүлөрдү караган ченемдик укуктук актынын долбоорун белгиленген тартипте демилгелесин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.