Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик катнаш жөнүндө 1996-жылдын 4-сентябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболору аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик катнаш жөнүндө 1996-жылдын 4-сентябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзбек тарабына жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков