КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-декабрындагы № 788 токтому

“И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту”  жогорку авиациялык окуу жайын түзүү жөнүндө 

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. “И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжи” мамлекеттик билим берүү мекемесинин базасында “И.Абдраимов  атындагы Кыргыз авиация институту” жогорку авиациялык окуу жайы түзүлсүн.

2. “И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту” жогорку авиациялык окуу жайы “И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжи” мамлекеттик билим берүү мекемесинин укуктук улантуучусу болуп эсептелери белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:

   - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин:

“И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту” жогорку авиациялык окуу жайынын уставын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун;

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка маселелерди чечсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү жылга республикалык бюджетте “И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжи” мамлекеттик билим берүү мекемесине каралган каражаттардын чегинде “И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту” жогорку авиациялык окуу жайын каржылоону камсыздасын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                   С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу