КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-декабрындагы № 787 токтому

 Аткаруу өндүрүшүнө катышкандыгы үчүн котормочуга жана сурдокотормочуга төлөнүүчү материалдык сыйакынын өлчөмү жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Аткаруу өндүрүшүнө катышкандыгы үчүн котормочуга жана сурдокотормочуга төлөнүүчү материалдык сыйакынын өлчөмү жана тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр                                                                     С.Ж.Исаков 

Тиркемелер

Басып чыгаруу