КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 773 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз өткөрүп берүүнүн тартибинде:

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“4. Юридикалык жана жеке жактардын менчиги болуп саналган инженердик тармактарды адистештирилген уюмдун балансына акысыз өткөрүп берүү мүлктүн жеке менчик ээси тарабынан негизги объектти эксплуатациялоого киргизүү боюнча белгиленген тартипте берилген жана катталган актынын негизинде жүргүзүлөт.

Мүлктүн жеке менчик ээсинин жана адистештирилген уюмдун ыйгарым укуктуу жактары инженердик тармактарга техникалык инвентаризация жүргүзөт жана инвентаризациялоо актысын түзөт.

Ыйгарым укуктуу жактардын иштеринин жыйынтыктары боюнча жана инвентаризациялоо материалдарынын негизинде ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча кабыл алуу-өткөрүү актысы түзүлөт.

Кабыл алуу-өткөрүү актысы эки нускада түзүлөт жана төмөнкүлөргө жөнөтүлөт:

- биринчи нускасы - адистештирилген уюмга;

- экинчи нускасы - инженердик тармактарды өткөрүп берүүчү уюмга.”;

- 5-пунктунун биринчи абзацынын биринчи сүйлөмүндөгү “комиссиянын курамына” деген сөздөр алып салынсын, “киргизилет” деген сөз “кирген комиссия түзүлөт” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 51-пунктунун биринчи абзацынын биринчи сүйлөмүндөгү “комиссиянын курамына” деген сөздөр алып салынсын, “киргизилет” деген сөз “кирген комиссия түзүлөт” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-пунктунун экинчи абзацындагы “тиркемесине” деген сөз “2-тиркемесине” деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган Тартиптин тиркемесиндеги “тартибине тиркеме” деген сөздөр “тартибине 2-тиркеме” деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;

- Тартип ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 1-тиркеме менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                   С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу