Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-сентябрындагы «Жердин бузулушунан улам келтирилген зыян үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө» №668-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-сентябрындагы «Жердин бузулушунан улам келтирилген зыян үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө» №668-токтомунун 2-тиркемесин Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-январындагы № 13 «Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө» Мыйзамынын 3 беренесинин талаптарына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-сентябрындагы «Жердин бузулушунан улам келтирилген зыян үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө» №668-токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Кыргыз Республикасында жердин бузулушунан улам келтирилген зыян үчүн жазалардын өлчөмүн эсептөө үчүн белгиленген баалардын» 2-тиркемесиндеги
-«чарба жерлеринин түрүнө жараша 1 чарчы метр үчүн эң төмөнкү эмгек акы үлүшүндөгү жазалардын өлчөмү» деген сөздөр «чарба жерлеринин түрүнө жараша 1 чарчы метр үчүн эсептешүү көрсөткүчү үлүшүндөгү жазалардын өлчөмү» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Курулуш транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыялангандан тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков