КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 токтому

Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу,  жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө

«Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу,  жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптар (мындан ары – Талаптар) тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен макулдашуу боюнча бир жумалык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин:

-  Болжолдонгон коркунучтардын бардык түрлөрүн жана типтерин камтуучу маалымат тутумдарында жеке маалыматтарды иштетүү учурунда жеке маалыматтардын коопсуздугуна коркунучтардын типтүү тизмеси;

-     жеке маалыматтардын маалымат тутумдарында коопсуздук коркунучтарын аныктоонун методикасы;

-      коркунучтардын түрлөрүнүн тизмесинин формасы.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) бир айлык мөөнөттө:

-    иштин тиешелүү түрлөрүн ишке ашырууда пайдаланылуучу маалымат тутумдарында, жеке маалыматтардын мазмунун, аларды иштетүүнүн мүнөзүн жана ыкмаларын эске алуу менен маалымат тутумдарында жеке маалыматтарды иштетүү учурунда жеке маалыматтардын коопсуздугуна келтирилген коркунучтардын тармактык тизмесин иштеп чыгышсын жана бекитишсин;

-    ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрүшсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                     С.Ж.Исаков