Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тизмесинин 6-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-декабрындагы № 764 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө” жобонун 11-пунктуна таянуу менен
БУЙРУК КЫЛАМ:
- Бекитилсин:
2. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нотариат жана адвокатура башкармалыгы (А.У. Искендеров) зарыл болгон учурда ушул буйруктан келип чыккан тиешелүү буйруктун долбоорлорун даярдап бекитүү үчүн кароого киргизсин.
4. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Нотариат маселесин көзөмөлгө алган Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басарына жүктөлсүн.
Министирдин м.а. М. Сарымсаков