КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 токтому

Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө

«Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптары (мындан ары – Талаптар) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен бирдикте 2018-жылдын 1-апрелине чейин ушул токтом менен бекитилген Талаптардын аткарылышын уюштуруу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик/муниципалдык маалыматтык системалардын ээси жана/же операторлору болгон республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уюмдар жана мекемелер 2018-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө ушул токтом менен бекитилген Талаптардан келип чыгуучу чараларды көрсүн.

4. Талаптардын сакталышын Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети контролдой тургандыгы белгиленсин.

5. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасынын реестрине киргизиле турган маалыматтык системаларды түзгөн жана пайдаланган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2018-жылдын 1-июлунан тартып ушул токтом менен бекитилген Талаптардын аткарылышы жөнүндө тиешелүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине жыл сайын берип туруу сунушталсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                     С.Ж.Исаков