Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу
“Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 24-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартиби жана формасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) болуп эсептелген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, аткаруу бийлигинин системасына кирбеген мамлекеттик органдар (макулдашуу боюнча), юридикалык жактар (макулдашуу боюнча) ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков