Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):
- 1-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 1081-пункт менен толукталсын: «
1081 | Медицина мекемелери тарабынан залдарды жана бөлмө-жайларды, ошондой эле жабдууларды, инвентарларды (профилдик жабдуулар менен инвентарлардан тышкары) берүү | ССМ | ССМ | Акы төлөнөт |
»;
- 2-главасынын 6-пункту «консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү» деген сөздөрдөн кийин «медициналык кароо» деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-главасынын 27-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 97-100-пункттар менен толукталсын: «
97 | Дары-дармек каражатына жана медицина багытындагы буюмга каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасын берүү | ССМ | ССМ караштуу ДДКжМТД | Акы төлөнөт |
98 | Дары-дармек каражаттарына жана медицина багытындагы буюмдарга шайкештик сертификатын берүү | ССМ | ССМ караштуу ДДКжМТД | Акы төлөнөт |
99 | Дары-дармек каражаттарына жана медицина багытындагы буюмдарга шайкештик сертификатынын көчүрмөсүн берүү | ССМ | ССМ караштуу ДДКжМТД | Акы төлөнөт |
100 | Дары-дармек каражаттарына жана медицина багытындагы буюмдарга шайкештик сертификатынын жуп нускасын берүү | ССМ | ССМ караштуу ДДКжМТД | Акы төлөнөт |
»;
- 5-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 47-49-пункттар менен толукталсын: «
47 | Дары-дармек каражаттарына жана медицина багытындагы буюмдарга медициналык колдонуу үчүн экспертиза жүргүзүү | ССМ | ССМ караштуу ДДКжМТД | Акы төлөнөт |
48 | Дары-дармек каражаттарынын жана медицина багытындагы буюмдардын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө экспертиза жүргүзүү | ССМ | ССМ караштуу ДДКжМТД | Акы төлөнөт |
49 | Дары-дармек каражаттарынын жана медицина багытындагы буюмдардын сапатын изилдөөчү лабораториялык анализдер (сыноолор) | ССМ | ССМ караштуу ДДКжМТД | Акы төлөнөт |
»;
- 6-главасында: «Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар» графасындагы 13-пункту «Кыргызпатент» деген сөздөн кийин «, ССМ» деген аббревиатура менен толукталсын; «Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар» графасындагы 22 жана 23-пункттар «ММТМ» деген аббревиатурадан кийин «, ССМ» деген аббревиатура менен толукталсын;
- 7-главасында: «Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар» графасындагы 2 жана 3-пункттар «Кыргызпатент» деген сөздөн кийин «, ССМ» деген аббревиатура менен толукталсын; «Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар» графасындагы 4-пункту «ММТМ» деген аббревиатурадан кийин «, ССМ» деген аббревиатура менен толукталсын;
- 9-главасынын «Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар» графасындагы 6-пункту «ММТМ» деген аббревиатурадан кийин «, ССМ» деген аббревиатура менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков