КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 763 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы №668 «Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

Тамекини керектөөнү азайтуу жана калктын ден соолугун чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 668 «Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

-1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

"1. Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене баалар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:

Мезгил

20 (жыйырма) даана сигарет үчүн минималдык чекене баалар

2018-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 31-декабрына чейин50 сом
2019-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 31-декабрына чейин60 сом
2020-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин70 сом
2021-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-декабрына чейин80 сом
2022-жылдын 1-январынан90 сом

-төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункту менен толукталсын:

 "2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен биргеликте зарылчылык пайда болгондо чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды кайра карап чыгуу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизишсин."

 2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                                        C.Дж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу