Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айылдык аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Индустриялык-соода-логистикалык борборун куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 5 токтомун, Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 7-1 токтомун, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 8-февралындагы № 28-б буйругун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басарынын 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 03-05/1792 корутундусун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айыл аймагында жайгашкан № 186, № 187, № 188, № 189, № 190, № 191, № 195, № 196 контурлардагы мамлекеттик менчикте турган 200 га жайыт жерин индустриялык-соода-логистикалык борборун куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун.
- Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерлерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерге шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын суммасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ченемдерге ылайык төлөөнү.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ж.Исаков