КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 токтому

Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын радио жыштык спектрин оперативдүү пайдалануу максатында, «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мфыйзамынын 10-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети өзүнүн расмий сайтына 1800 МГц диапазонундагы радио жыштык спектрин пайдаланууга торук өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 2-пунктунан тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш.

Премьер-министр                                                                                                               С.Ж.Исаков