Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-августундагы № 561 “Иш-аракетин камсыздоо үчүн атайын бажы режимдери колдонулуучу Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттердин аймагында турган объекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомун күчүн жоготту деп таануу туралуу
Жогорку Евразия экономикалык бирлигинин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы бирлигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралар планын (“Жол картасын”) ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-августундагы № 561 “Иш-аракетин камсыздоо үчүн атайын бажы режимдери колдонулуучу Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттердин аймагында турган объекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев