КР Юстиция министрлигинин 2017-жылдын 2-ноябрындагы №241 буйругу

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2017-жылдын 2-ноябрындагы  №241 буйругу

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссия жөнүндө  жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын  Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” мыйзамынын 20 жана  21-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө"  токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө” жобонун  11-пунктуна жетекчиликке алып

буйрук кылам:

1Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссия жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Буйрук расмий жарыяланууга тийиш.

3. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2011-жылдын 28-февралындагы № 79 “Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нотариат жана адвокатура башкармалыгы (А.У. Искендеров) зарыл болгон учурда ушул буйруктан келип чыккан  тиешелүү буйруктун долбоорлорун даярдап бекитүү үчүн кароого киргизсин.

5. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө адвокаттык иштин маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басарына жүктөлсүн.

Министрдин м.а.                                                                М. Сарымсаков

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссия жөнүндө жобо

 

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу