Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 287-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын
- 30-декабрындагы № 735 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
3-пунктунда:
- төртүнчү – онунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«-,ТЭИ,ТН 220840, 220850 товардык позицияларында классификациялануучу күчтөндүрүлгөн суусундуктар, күчтөндүрүлгөн ширелер жана бальзамдар, литри 70 сом өлчөмүндө;
- ТЭИ,ТН 220430 товардык позициясында классификациялануучу шараптар, литри 4 сом өлчөмүндө;
- ТЭИ,ТН 2204 (220410 жана 220430 тышкары), 2205, 2206 товардык позицияларында классификациялануучу шарап, литри 12 сом өлчөмүндө;
- ТЭИ,ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу куюлган жана куюлбаган сыра, литри 17 сом өлчөмүндө;
- ТЭИ,ТН 220890 товардык позициясында классификациялануучу алкоголу аз ичимдиктер, литри 70 сом өлчөмүндө;
- ТЭИ,ТН 2208201200-2208202900, 2208206200-2208208900 товардык позицияларында классификациялануучу коньяктар (коньяк спиртинен тышкары), литри 52 сом өлчөмүндө;
- ТЭИ,ТН 220410 товардык позициясында классификациялануучу шуулдама шарап, анын ичинде шампан, литри 45 сом өлчөмүндө;»;
- он жетинчи абзацындагы «2208906901, 2208906909 ТЗИНТ товардык позицияларында» деген цифралар жана сөздөр «ТЭИ,ТН 220890 товардык позициясында» деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков