КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасында экспорттук контролдун улуттук тутумун өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасында экспорттук контролдоо системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасында экспорттук контролдун улуттук тутумун өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

преамбуладагы "2005-жылдын 22-декабрындагы "Москва шаарында 2003-жылдын 28-октябрында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугуна катышкан мамлекеттердин экспорттук контролунун бирдиктүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" деген сөздөр "Экспорттук контроль жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында контролдонуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жободо:

- бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги" жана "Айыл чарба жана мелиорация министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" жана "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1.1-пунктундагы "Лицензиялоо жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1.5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1.5. Контролдонуучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына жана Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын экспорттук контроль жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык мамлекеттик контролго алынууга тийиш.";

- 1.7-пунктундагы:

экинчи-төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"импорт - кайра алып кетүү жөнүндө милдеттенмеси жок чет өлкөдөн Кыргыз Республикасынын аймагына контролдонуучу товарларды, жумуштарды, кызматтарды, интеллектуалдык иштин натыйжаларын, анын ичинде аларга карата өзгөчө укуктарды ташып келүү;

экспорт - кайра ташып кетүү жөнүндө милдеттенмеси жок чет өлкөгө Кыргыз Республикасынын аймагынан контролдонуучу товарларды, жумуштарды, кызматтарды, интеллектуалдык иштин натыйжаларын, анын ичинде аларга карата өзгөчө укуктарды ташып чыгуу. Экспорт фактысы товар Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу өткөндө, интеллектуалдык иштин натыйжаларына укуктарды берүүдө белгиленет. Кыргыз Республикасынын аймагынан чет жакка ташылып чыкпаган айрым коммерциялык операциялар, атап айтканда чет өлкөлүк адамдын Кыргыз Республикасынын жаранынан кайра иштетилген товарды чет жакка кайра иштетүү жана кийин ташып кетүү үчүн Кыргыз Республикасынын башка жаранына өткөрүп берүүсү товарды экспорттоого теңештирилет. Ошондой эле экспортко Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен техникалык каражаттардын жардамы аркылуу технологияларды өткөрүп берүү теңештирилет;

реэкспорт - Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өндүрүлгөн жана мурда Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген контролдонуучу продукцияны ташып чыгуу;";

- он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"брокердик иш - сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жасоо, контролдонуучу продукцияны жеткирүү, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, контракттарды даярдоо же финансы жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү кошо алганда контролдонуучу товарларды өткөрүп берүүнү уюштуруу боюнча кызматтарды көрсөтүү;";

төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү-он алтынчы абзацтар менен толукталсын:

"экспорттук контролдун фирмалык ички программасы - экспорттук контролдун эрежелерин сактоо максатында ишканалар жана уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу уюштуруучулук, административдик, маалыматтык жана башка мүнөздөгү иш-чаралар;

кызмат көрсөтүүлөр - брокердик ишти, техникалык жардамды жана транспорттоону кошо алганда башка адамдардын муктаждыктарын канааттандырууга багытталган иш;

техникалык жардам - контролдонуучу товарларга жана технологияларга байланышкан техникалык колдоону көрсөтүү;

технология - илимий-техникалык маалымат жана интеллектуалдык иштин башка натыйжалары (аларга карата укуктар), ал моделдер, прототиптер, чиймелер, диаграммалар, долбоорлор, инструкциялар, программалык продуктулар же сезилбеген формада - окутуу, техникалык камсыз кылуу (тейлөө) формасында берилет жана товарларды иштеп чыгуу, өндүрүү же пайдалануу үчүн талап кылынат.";

- 2.4-пунктундагы:

үчүнчү-бешинчи абзацтардагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (экспорттоодо)," деген сөздөр алып салынсын;

алтынчы абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (экспорттоодо)," деген сөздөр алып салынсын;

жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- куралдарды жана аскер техникасын жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон кош багыттагы товарлар жана технологиялар боюнча - Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети (жардыргыч заттар боюнча).";

- 2.5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгына арыз ээси жоопкерчилик тартат.";

- 2.7-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- СТ-1 түрү боюнча товардын чыккан жеринин сертификатын жана анын көчүрмөсүн (контролдонуучу продукцияны экспорттоодо же реэкспорттоодо) же товардын чыккан жерин ырастоочу документти жана анын көчүрмөсүн (контролдонуучу продукцияны импорттоодо);";

- 2.10-пунктунда:

алтынчы жана жетинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- жалпыга кыргын салуучу куралдарды, аларды жеткирүү каражаттарын таркатпоо боюнча, экспорттук контролдоо жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине, ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңеши кабыл алган санкцияларга каршы келген жагдайлардын болушу;

- Кыргыз Республикасынын тышкы саясат, улуттук коргонуу жана коопсуздук кызыкчылыгына каршы келген жагдайлардын болушу;";

төмөнкүдөй мазмундагы онунчу-он бешинчи абзацтар менен толукталсын:

- эл аралык коопсуздукка, региондук стабилдүүлүккө коркунуч келтирген же террористтик актыларга көмөк көрсөткөн товарларга (жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө) жүргүзүлүүчү экспорттук-импорттук операциялар;

- ошол өлкөдөгү чыңалууну жогорулатууга жана куралдуу чыр-чатакка көмөк көрсөткөн товарларга (жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө) жүргүзүлүүчү экспорттук-импорттук операциялар;

- ыйгарым укуктуу эмес акыркы колдонуучуга же акыркы колдонуучу үчүн контролдонуучу товарлардын дарегин кайра өзгөртүүнүн жогорку тобокелдиги менен мүнөздөлгөн товарларга (жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө) жүргүзүлүүчү экспорттук-импорттук операциялар;

- бүтүм жасоого жаткан контролго алынуучу товарлар алып салынган же арестте турган болуп эсептелсе;

- арыз берүүчүнүн соңку беш жылда экспорттук контроль чөйрөсүндөгү, ошондой эле улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылуусу;

- арыз ээсине карата экспорттук контроль чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, ошондой эле улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгына байланыштуу кылмыш иликтөө иштери жүргүзүлүп жатса;";

- төмөнкүдөй мазмундагы 2.10-1 - 2.10-13-пункттар менен толукталсын:

"2.10-1. "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык контролго алынуучу продукциянын экспортун, импортун жана реэкспортун караган тышкы экономикалык бүтүмдөр ушул Жобонун 2.3 жана 2.4-пункттарында аталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүргүзүүчү мамлекеттик экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.

2.10-2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине, анын мамлекеттик таламдарына жана экологиялык коопсуздуктун талаптарына ылайык келүүсүн аныктоо максатында тышкы экономикалык бүтүмдөргө тиешеси бар документтерди жана маалыматтарды текшерүү, талдоо боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашырышат.

2.10-3. Мамлекеттик экспертиза жүргүзүүдө төмөнкүлөр текшерилет:

- экспорттук контроль чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык арыз ээси берген документтердин болушу;

- лицензияны алуу үчүн билдирилген маалыматтардын берилген документтер менен шайкеш келүүсү;

- берилген документтердин тууралыгы;

- билдирилген товардын даярдалышы;

- ташып чыгуучу товарга менчик укугун ырастоо;

- лицензиялык-уруксат берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык билдирилген продукция менен иш жүргүзүү укугуна (ташып келинген/ташып чыгарылган продукциянын түрүнө карата) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү бардык уруксат берүү документтеринин болушу.

Зарылдыкка жараша берилген документтерге мамлекеттик экспертиза жүргүзүүгө көз карандысыз эксперттер, Кыргыз Республикасынын тармактык мамлекеттик органдарынын адистери  тартылат.

2.10-4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана эксперт-мамлекеттик органдар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында ушул Жобонун 2.10-3-пунктунун талаптарына ылайык тышкы экономикалык бүтүмдөргө мамлекеттик экспертиза жүргүзүшөт.

2.10-5. Документтерге жүргүзүлгөн мамлекеттик экспертизанын жыйынтыктарынын негизинде эксперт-мамлекеттик органдар товарды (ишти же кызмат көрсөтүүнү) экспорттоо, импорттоо же реэкспорттоо мүмкүндүгү жөнүндө корутундуну Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жөнөтүшөт.

2.10-6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги контролдонуучу товарлардын экспортуна же импортуна лицензия берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алууда документтерге жүргүзүлгөн мамлекеттик экспертизалардын жыйынтыктарын жана эксперт-мамлекеттик органдардын корутундуларын жетекчиликке алат.

2.10-7. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги лицензияны берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечимди аны алуу үчүн бардык документтерди каттаган күндөн тартып 30 иш күндөн кечиктирбестен кабыл алат.

2.10-8. Эксперт-мамлекеттик органдар арыз келип түшкөн күндөн тартып 10 иш күндөн кечиктирбестен корутунду беришет.

2.10-9. Лицензия бир календардык жылдан ашпаган мөөнөткө берилет. Бир жолку лицензиянын колдонулуу мөөнөтү тышкы соода контрагынын (келишиминин) же лицензия берүү үчүн негиз болгон документтин колдонуу мөөнөтү менен чектелет.

2.10-10. Арыз ээсинин кат жүзүндөгү кайрылуусу боюнча лицензиянын колдонулуу мөөнөтү арыз ээсинин тышкы экономикалык бүтүм боюнча бардык милдеттенмелерин аткарууну аякташы үчүн зарыл болгон мөөнөткө, бирок бир календардык жылдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

Лицензиянын колдонулуу мөөнөтү бир жолкудан ашык узартылбайт. Лицензиянын мөөнөтүн узартуу жол-жобосу аны колдонуу мезгилинде жүзөгө ашырылат.

2.10-11. Лицензиянын мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине арыз ээси тарабынан эркин формада төмөнкүдөй документтерди тиркөө менен берилет:

- тышкы соода контрактынын (келишимдин) көчүрмөсүн же тараптардын ниетин ырастоочу башка документтин көчүрмөсүн;

- товардык-транспорттук накладнойлордун, жүктөө документтеринин жана бажы декларацияларынын көчүрмөлөрүн;

- товар менен тышкы соода операцияларын аткаруунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалымат (зарыл болсо).

2.10-12. Берилген лицензия тышкы соода контрагынын (келишимдин) негизги шарттарын жана жагдайларын өзгөртүүдө лицензия берген мамлекеттик орган аркылуу кайра таризделүүгө тийиш.

2.10-13. Лицензияны кайра тариздөө же узартуу лицензия берген мамлекеттик орган тарабынан арыз берген күндөн тартып 15 иш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 2.13 жана 2.14-пункттар менен толукталсын:

"2.13. Ишканаларда (уюмдарда) тышкы соода бүтүмдөрүнүн мыйзамдуулугун камсыздоо жана лицензия алууга байланышкан жол-жоболорду аткарууну жеңилдетүү үчүн текшерүү механизмин түзүү максатында чарбакер субъекттер экспорттук контролдун ички фирмалык программаларын түзүшөт.

2.14. Экспорттук контролдун ички фирмалык программаларын түзгөн уюмдарга лицензияны алуу үчүн бардык керектүү документтерди каттаган күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде лицензия берилет.";

- 10.4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10.4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги суроо-талапты алган күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде продукцияны өткөрүүгө уруксат берүү же баш тартуу тууралуу чечим чыгарат жана бул жөнүндө арыз ээсине маалымдайт.";

- 10.5-пункту "10" деген цифрадан кийин "иш" деген сөз менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 10.6-пункт менен толукталсын:

"10.6. Контролдонуучу товарларды өлкөнүн ичинде өткөрүп берген уюм аларды ала турган уюмга бул товарлар мамлекеттик контролго алынууга тийиш экендиги жөнүндө маалымдайт жана бул уюмга экспорттук контролдун аталган объекттерине тийиштүү документтерди берет.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 12.3 жана 12.4-пункттар менен толукталсын:

"12.3. ТЭИ катышуучулары контролдонуучу продукция менен тышкы экономикалык ишти аяктагандан кийин экспорттук контролдун объекттери жөнүндө маалыматтар менен кошо документтерди (контракттык документтер, эсептер, товардык-транспорттук накладнойлор, жүктөө документтери, бажы декларациялары ж.б.; өндүрүштө турган оперативдүү документтер; контрагенттердин компанияларына жана алардын өкүлдөрүнө маалымат) 5 жыл бою сактоого милдеттүү.

12.4. ТЭИ катышуучулары экспорттук контролдун максаттары үчүн керектүү документтерди жана маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине же суроо-талап боюнча башка ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү.";

- 13.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"13.1. Контролдонуучу продукцияларга карата экспорттук контроль менен байланышкан иш-чараларды аткарууну камсыз кылуу үчүн:

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу өткөрүүгө байланышкан контролдонуучу продукцияга берилген лицензиялардын, башка документтердин аткарылышын эсепке алат жана контролдойт.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:

- тышкы экономикалык иштин чет өлкөлүк катышуучуларынын контролдонуучу продукцияларды билдирилген максаттарда акыркы пайдалануучунун сертификатына ылайык пайдаланып жаткандыгы жөнүндө маалыматты дипломаттык каналдар боюнча суратып алат жана анын түп нуска экендигин текшерет;

- чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар тарабынан экспорттук контролдоо жаатындагы мыйзамдарды бузуу фактыларын табуу маселелеринде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына көмөк көрсөтөт;

- контролдонуучу товарларга тиешелүү маселелер боюнча чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен коммуникацияларды түзүү жаатында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына көмөк көрсөтөт (зарылдыгына жараша);

- Кыргыз Республикасына контролдонуучу продукцияны экспорттук ташып келүүнүн коопсуздугун талдоо жана жалпысынан алганда региондук стабилдүүлүк боюнча сунуштарды даярдайт (зарылдыгына жараша).

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети:

- Кыргыз Республикасынын чарбакер жана тышкы экономикалык иштин субъекттери менен чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу процессинде улуттук кызыкчылыктарды жана мамлекеттин коопсуздугун коргоону мамлекеттик жөнгө салат;

- тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууда купуялуулук режиминин сакталышын жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча талаптардын сакталышын контролдойт;

- ТЭИ ишке ашырууда кызмат көрсөтүүлөргө жана контролдонуучу программалык камсыз кылууну жана технологияларды электрондук берүүгө байланышкан тартип бузууларды иликтөөдө оперативдүү-издөө иш-аракеттерин жетектейт жана координациялайт;

- улуттук коопсуздукка тиешелүү сунушталган бүтүмдөрдүн аспекттерин талдоодо сунуштарды киргизет;

- ыйгарым укуктуу эмес акыркы колдонуучуларга товарларды өткөрүп берүүгө байланышкан тобокелдиктерге экспертиза жүргүзөт жана баалайт;

- уюмдар тарабынан экспорттук контроль эрежелеринин сакталышын текшерүүгө катышат (зарылдыгына жараша).

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу контролдонуучу продукцияны санкциясыз өткөрүүчү же контролдонуучу кызматтарды көрсөтүүчү жеке адамдардын алып өтүүсүнө бөгөт коюуну Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы камсыздайт.

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети төмөнкүлөрдү ишке ашырат:

- коргоо чөйрөсүндөгү шарттарды, кырдаалдарды жана бүтүмдөрдү сунуштаган тараптарды талдоодо сунуштарын киргизет;

- адаттагы куралдануу же аскердик максатта пайдалануу предметине контролдонуучу продукциянын аталыштарын классификациялоого жардам берет;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине киргизилбеген, аскердик максаттарда жана кайрадан өндүрүүдө колдонулуучу товарлардын тобокелдиктерине экспертиза жүргүзүүгө жана баалоого көмөк көрсөтөт;

- уюмдар тарабынан экспорттук контролдоо эрежелеринин сакталышын текшерүүгө катышат (зарыл болсо).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык бажылык контролду жана товарларды (контролдонуучу продукцияларды) чыгарууга байланышкан бажылык операцияларды ишке ашырат.";

- 13.2-пунктундагы "(Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен тышкары)" деген сөздөр алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 14, 15 жана 16 главалар менен толукталсын:

"14. Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү.

14.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмеси экспорттук контролдун эл аралык режимдеринин контролдук тизмесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык жаңыланып турат.

14.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмеси зарылдыгына жараша, бирок акыркы жаңылоодон кийинки эки жылдын ичинде бир жолудан кем эмес жаңыланат.

14.3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги экспорттук контролдоонун эл аралык режимдеринин контролдук тизмесиндеги өзгөртүүлөр тууралуу маалыматты туруктуу түрдө топтойт, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмесин жаңылоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун белгиленген тартипте демилгелейт.

15. Баарын камтуучу контроль

15.1. Тышкы экономикалык иштин катышуучуларына эгерде бул продукция жана интеллектуалдык чыгармачыл иштин, жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн натыйжалары чет элдик мамлекеттер же чет элдик юридикалык жактар, жеке жактар тарабынан жалпыга кыргын салуучу куралды же жеткирүү каражаттарын түзүү, өндүрүү же пайдалануу максатында жана террористтик актыларды даярдоо жана ишке ашыруу үчүн пайдалана тургандыгы белгилүү болсо, анда товарлар, технологиялар, программалык камсыздоолор, интеллектуалдык чыгармачыл иштин натыйжалары, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр менен тышкы экономикалык бүтүмдөрдү түзүүгө же аларга кандай гана түрдө болбосун катышууга тыюу салынат.

15.2. Тышкы экономикалык иштин катышуучулары ушул Жобонун 1.1 жана 1.7-пункттарынын аракеттерине туш болбогон товарлар, технологиялар, программалык камсыздоо, интеллектуалдык чыгармачыл иштин натыйжалары, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр менен тышкы экономикалык бүтүмдөрдү ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин лицензиясын жана/же уруксатын белгиленген тартипте алууга милдеттүү, алар төмөнкүдөй учурларда:

- алар Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органы тарабынан ушул продукция же интеллектуалдык чыгармачыл иштин натыйжалары ушул Жобонун 15.1-пунктунда аталган максаттарда пайдаланыла тургандыгы жөнүндө маалымдалса;

- аларда ушул продукциянын жана интеллектуалдык чыгармачыл иштин натыйжалары ушул Жобонун 15.1-пунктунда аталган максаттарда пайдаланылышы мүмкүн деп болжолдоого негиздер болсо.

16. Маалыматка жетүү укугу

Экспорттук контроль жаатында ыйгарым укуктарын ишке ашырган мамлекеттик органдар экспорттук контролдун максаттары үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматты суратууга жана алууга укуктуу.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


С.Исаков


Тиркемелер

Басып чыгаруу