Натыйжасыз, иш жүргүзбөгөн бир нече мамлекеттик ишкананы жоюу тууралуу
Экономикалык жактан кудуретсиз, иш жүргүзбөгөн мамлекеттик ишканаларды жоюу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн натыйжасыз, иш жүргүзбөгөн мамлекеттик ишканалар белгиленген тартипте жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканаларды жоюу жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн бир айлык мөөнөттө жоюу комиссияларын түзүшсүн;
- квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго ушул токтомду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча):
- жоюу үчүн жооптуу болгон мамлекеттик органдарга өз компетенцияларынын чегинде көмөк көрсөтүшсүн;
- жоюу үчүн жооптуу болгон мамлекеттик органдардын суроо-талаптарына ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканалар тууралуу маалыматтарды оперативдүү түрдө беришсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков