КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 токтому

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги жөнүндө

Инвестицияларды илгерилетүү боюнча функцияларды аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги болуп кайра аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин штаттык саны 32 штаттык бирдик санында белгиленсин, анын ичинде 6 бирдик техникалык жана кенже тейлөө персоналы.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттор жөнүндө жобонун 2-тиркемесинде:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген, аткаруу бийлигинин башка органдары» бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

«Агенттиктин директору

Агенттиктин директорунун орун басары».

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 6-пунктундагы «352», «186» жана «113» деген цифралар тийиштүүлүгүнө жараша «326», «192» жана «81» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 37-пункт менен толукталсын:

«

37Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги26

».

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пунктунун «а» пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

«- Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги;».

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башкаруу схемасында «Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик» деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жөнүндө жободо:

7-пунктунун 5-пунктчасынын он тогузунчу жана жыйырманчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 147 «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду жөнүндө жободо:

- 11-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору.».

9. Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 409 «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө «Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:

аталышындагы «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-июнундагы № 328 «Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кеңешти түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кеңеш жөнүндө жободо:

- 4-пунктунун алтынчы абзацында «Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин» деген сөздөр «Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 10-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 301-пункт менен толукталсын:

«30. Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги (саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык кызматчылар).».

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 5-пунктундагы «65» жана «23» деген цифралар тийиштүүлүгүнө жараша «59» жана «17» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 351-пункт менен толукталсын:

«

351Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги6

».

13. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

14. Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери менен эмгек мамилелерине тийиштүү маселелерди белгиленген тартипте чечсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

15. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549 «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы № 178 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту.

16. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

   

Премьер-министр

С.Ж.Исаков