Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө
Көмүрдүн баасынын өсүү темпин басуу, 2017/2018-жылдардагы күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу 90 календардык күнгө киргизилсин.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 токтому менен бекитилген Социалдык жактан маанилүү товарлардын бааларын мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу боюнча чараларды көрсүн.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ж.Исаков