Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жөнүндө
Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү максатында, "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашыруунун иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- Жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча, Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен жалпы маалымат берсин;
- миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органды адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иш жүргүзгөн субъекттердин курамына киргизүү бөлүгүндө "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | С. Исаков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы
1. Киришүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы (мындан ары - Программа) "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана адамдарды сатуунун натыйжалуу алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга, адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоого жана аларга жардам көрсөтүүгө багытталган.
Азыркы шарттарда адамдарды сатуу жана ага байланышкан укукка каршы жосундар кыйла жашыруун болуп, алдын ала даярдалууда. Бул жагдай адамдарды сатуу кылмыштарынын андан ары өөрчүшүнө түрткү берип жатат. Ушуга байланыштуу адамдарды сатууга каршы күрөшүүгө жана бул процесске мамлекеттик органдарды, эл аралык жана коомдук уюмдарды тартууга зор көңүл бурулууда.
Дүйнөдө адамдарды сатуу көрүнүшүн талдоо, бул чөйрөдөгү иш дагы деле олуттуу бойдон калгандыгын көрсөтүп жатат.
Адамдарды сатууга каршы күрөшүүнүн актуалдуулугун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү адамдарды сатууга каршы аракеттенүүнүн мыйзамдык, институттук, маалыматтык негиздерине чоң маани берет.
2. Кырдаалды талдоо
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык адамдын укуктары жана эркиндиктери жогорку баалуулук болуп саналат, кулчулукка жана адамдарды сатууга жол берилбейт. Бул конституциялык ченемдердин негизинде республикада адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдык база калыптанды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттин ишин системалаштыруу жана координациялоо чараларын көрүүдө. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы № 14 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жүзөгө ашыруу учурдагы кулчулукка сатууга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардын иштеринин натыйжалуулугун жакшыртууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эл аралык укуктардын ченемдерине шайкеш келтирүү, укук коргоо органдарынын иш-аракеттеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, алдын алуу, маалыматтык жактан камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү менен байланышкан айрым маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берди.
Жогоруда аталган Программаны жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө мамлекеттик органдар жана жарандык коомдун уюмдары тарабынан адамдарды сатууга каршы күрөшүүгө жана жабыр тарткан адамдарга колдоо көрсөтүүгө багытталган бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Бул мезгилде адамдарды сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштамалар иштелип, инвентаризация жүргүзүлдү, колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр, адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарды идентификациялоо боюнча колдонмо даярдалды.
Калктын потенциалдуу түрдө аялуу тобуна адамдарды сатуудан жабыр тартуу коркунучтары жөнүндө эскертүү жана жабыр тарткан адамдарга жардам жана колдоо алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүүгө багытталган маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Укук коргоо органдары тарабынан адамдарды сатуу жана чектеш кылмыштуулуктарды аныктоо боюнча иш-чаралар, ошондой эле коркунучтуу топтордун арасында алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.
Жарандык коомдун уюмдары адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүшүп, колдоого алышты, бул иштин жүрүшүндө мамлекеттик мекемелер менен кызматташууну өнүктүрүштү.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматтарына ылайык, 2013-жылдан тартып 2016-жылдын июнуна чейин Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси боюнча жалпы 50 кылмыш иши козголгон. Жабыр тарткандарды эмгектик же сексуалдык эксплуатацияга дуушар кылган жалпы 62 адам жоопкерчиликке тартылып, алардын ичинен 45 адам соттолгон жана 7 адам акталган. Ал эми 10 адам үчүн кылмыш куугунтугу токтотулган. Ушул эле мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Он жети жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо" 154-беренеси боюнча 20 кылмыш иши жана Кылмыш-жаза кодексинин "Аялды никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн аны ала качуу же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу" 155-беренеси боюнча 104 кылмыш иши каралган. Бул иштер боюнча тийиштүүлүгүнө жараша 27 адам (алардын ичинен 18и соттолду, 1 акталды, 8ине карата иш токтотулду) жана 174 адам (алардын ичинен 144 соттолду, экөө акталды, 28ине карата иш токтотулду) жоопкерчиликке тартылган.
Жалпысынан алганда адамдарды сатууга реакция кылуу жана алдын алуу иш-чаралары 2013-2016-жылдарга адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын иштелип чыккан планына ылайык өткөрүлдү. Ошону менен бирге, адамдарды сатуунун мүмкүн болуучу жаңы түрлөрү, ошондой эле кылмыш жасоонун жаңы ыкмалары адамдарды сатуунун мурда катталган түрлөрүнүн алкагында жетишерлик активдүү жүргүзүлгөн жок.
Адамдарды сатуунун трансулуттук фактыларын аныктоо, бөгөт коюу жана тергөө боюнча эки тараптуу келишимдердин негизинде эл аралык кызматташууну өнүктүрүү чөйрөсүндө белгилүү бир прогресске жетишүүлөр болгон. Бирок келишимдик документтердин жоболорун иш жүзүндө жүзөгө ашыруу жана бул чөйрөдөгү жаңы келишимдерди жана макулдашууларды түзүү боюнча иштерди андан ары жүргүзүү зарыл.
Ошондой эле чечилбей жаткан бир катар маселелер бар. Республиканын укук коргоо органдары контакттар жана кылмыштуу байланыштар тууралуу ыкчам жана башка маанилүү маалыматтарды алмашууда башка мамлекеттердин укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү учурунда, адамдарды сатуунун курмандыктарын багууда жана башка маселелер боюнча белгилүү бир кыйынчылыктарга туш келүүдө. Азыркы учурдун өзгөрүп туруучу реалдуулуктары адамдарды сатууга, жөнгө салынбаган миграцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдарды андан ары өркүндөтүүнү, калыптанган практиканын негизинде аларды эл аралык укуктук актыларды эсепке алуу менен колдонууну талап кылат.
Адамдарды сатуунун терс кесепеттерин минималдаштыруу максатында калктын мыйзамсыз миграциянын жана адамдарды сатуунун коркунучтары тууралуу маалымдуулугун андан ары жогорулатуу, адамдарды сатууга каршы күрөшкөн мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин арасында маалыматтык-билим берүү иштерин жүргүзүүнү, укук коргоо органдарынын адамдарды сатууга бөгөт коюу иштеринин натыйжасын жакшыртуу, адамдарды сатуу тууралуу маалыматтарды жана ал иштер тууралуу методдорду алмашуу механизмдерин түзүү, адамдарды сатуунун курмандыктарынын укуктарын коргоо боюнча мамлекеттер аралык кызматташууну күчөтүү талап кылынат.
Жетишилген нерселерди эске алуу жана жаңы тенденциялардын жана чакырыктардын негизинде бул багыттагы иштерди улантууга, жүзөгө ашырууга катышкан бардык уюмдардын жана мекемелердин күч-аракеттерин координациялоого мүмкүндүк берүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча жаңы программасы зарыл, ошондой эле аны жүзөгө ашыруу учурунда өзгөрүлүп жаткан тышкы чөйрөгө өз убагында реакция кылуу керек.
3. Программанын максаттары жана милдеттери
Программанын максаттары инсандарды, коомду жана мамлекетти адамдарды сатуунун ар кандай формасынан коргоо, адамдарды сатуу иштерине каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин минималдаштыруу болуп саналат;
Программанын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- адамдарды сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- адамдарды сатууга каршы күрөшүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын калкына кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү аркылуу адамдарды сатууга каршы күрөшүү, алдын алуу жана бөгөт коюу;
адамдарды сатууга каршы күрөшүү маселелери боюнча ведомстволор аралык өз ара карым-катнашты жана эл аралык кызматташууну күчөтүү;
- адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо жана аларга жардам берүү.
4. Күтүлүүчү натыйжалар
Программаны жүзөгө ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк түзөт:
- адамдарды сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө;
- адамдарды сатууга каршы күрөшүүнүн алдын алуу чаралар системасын уюштурууга;
- адамдарды сатуунун потенциалдуу курмандыктары туш болуучу кооптуу кырдаалдар, мамлекет жана атайын мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү коргоо чаралары, адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча мамлекет тарабынан көрүлүүчү жазык жана административдик таасир көрсөтүү чаралары тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга;
- адамдарды сатуунун коркунучтары тууралуу маалыматты таратуу чөйрөсүндөгү тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин, эмгек мигранттарына жана адамдарды сатуу үчүн аялуу болуп саналган башка адамдарга, адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарга консультациялык жардам берүүнү активдештирүүгө;
- адамдарды сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын ведомстволор аралык өз ара карым-катнашты, ошондой эле адамдарды сатууга каршы күрөшүү маселелери боюнча эл аралык кызматташууну күчөтүүгө;
- адамдарды сатуунун курмандыктарын колдоого алуу жана жардам берүү системасын түзүүгө;
- социалдык жактан реабилитациялоого жана адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоону камсыз кылууга.
5. Коркунуч туудуруулар, коркунучтар жана аларды жеңип чыгуунун болжолдонгон жолдору
Дүйнө жүзүндөгү жагдайлардын тез өзгөрүүлөрүн эске алуу менен, ушул Программаны жүзөгө ашыруунун айрым жолдорун ыкчам талдоону жана өзгөртүүнү талап кылган адамдарды сатуу чөйрөсүндөгү кылмыштуу чөйрөнүн эң мыкты ыңгайлануусун жана кылмыштарды жасоонун мүмкүн болуучу жаңы формаларын жана методдорун эске алуу зарыл.
Бул Программаны жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугу көрүлгөн чаралардын майнаптуулугуна туруктуу түрдө мониторинг жүргүзүү жана баалоо жолу менен аныкталат. Акыркы натыйжаларга күтүлүүчү жыйынтыктарды жана жүзөгө ашыруу индикаторлорун салыштыруу аркылуу байкоо жүргүзүлөт.
Мамлекеттик органдардагы кадр потенциалынын жетишсиздиги, кадрлардын тез-тез алмашуусу, институттук эстин жоктугу, техникалык жана ченемдик укуктук колдоого алуунун жетишсиздиги ж.б.у.с. бир катар себептерден улам, ушул Программаны жүзөгө ашыруу планынын айрым жоболорунун аткарылбай калуу коркунучун толук жоюуга болбойт.
Ушул Программаны жүзөгө ашыруунун жүрүшүнө ыкчам талдоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн, пайда болгон четке кагуунун себептерин ыкчам талдоо жана Программанын андан ары жүзөгө ашырылышы боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү пландаштырылып жатат.
6. Программаны финансылык камсыздоо
Программаны жүзөгө ашырууну финансылык камсыздоо мамлекеттик органдар үчүн бөлүнгөн каражаттардын чегинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
Финансылык сарптоолорду талап кылган иш-чараларды жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген донордук жардамдардын жана башка финансылык каражаттардын эсебинен камсыздалат.
7. Программага мониторинг жүргүзүү жана аны баалоо
Ушул Программаны жүзөгө ашыруу процессинде Иш-чаралар планынын аткарылышына туруктуу негизде мониторинг жана баалоо жүргүзүлөт. Ушул Программанын аткарылышына үзгүлтүксүз мониторинг жана баалоо жүргүзүү аны жүзөгө ашыруу прогрессине байкоо салуунун натыйжалуу инструменти болуп саналып, Программанын күтүлүүчү жыйынтыктары менен Иш-чаралар планынын максаттарынын жана иш-аракеттеринин катышын аныктоого мүмкүндүк берет. Бул мониторингдин жана баалоонун негизинде Программаны жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугу мезгил-мезгили менен бааланып турат.
Бул баалоонун жүрүшүндө жетишилген прогресс дыкат талданып, Программанын иш-чараларын аткаруудагы "начар жерлер" жана кемчиликтер аныкталат.
Алынган натыйжалардын негизинде Программаны жүзөгө ашыруудагы кийинки кадамдар үчүн альтернативдик мүмкүнчүлүктөрдү тандоо, ресурстарды кайра бөлүштүрүү жана аларды оптималдуу пайдалануу, донордук коомчулук менен күч-аракеттерди координациялоону жакшыртуу, коомчулуктун күтүүлөрүн толук кандуу канааттандыруу боюнча чечимдер кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын жүзөгө ашыруунун
ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш-чара | Жооптуу аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булактары | Күтүлүүчү жыйынтыктар |
1.Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | |||||
1 | Адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан тейленүүчү адамдар категориясына киргизүү, ошондой эле адамдарды сатуунун курмандыктары үчүн башпаанек жайлар/реабилитациялык борборлор түшүнүгүн жана статусун аныктоо боюнча "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | ЭСӨМ, ССМ, макулдашуу боюнча; ЭАУ, КЭУ | 2017-жылдын IV кварталы, 2018-жылдын I жарым жылдыгы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан коргоо боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү. Башпаанек жайлар/реабилитациялык борборлордун укуктук статусун аныктоо |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы № 639 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобого иш менен камсыз кылуунун жеке агенттиктеринин иштерин жөнгө салуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү | Миграция кызматы | 2017- жылдын IV кварталы, 2018- жылдын I жарым жылдыгы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде | Адамдарды сатуунун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштеген жеке агенттиктердин иштерин регламенттөө |
3 | Адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо критерийлерин иштеп чыгуу жана киргизүү | ИИМ, макулдашуу боюнча: ЭАУ, КЭУ | 2018-жылдын II жарым жылдыгы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо критерийлерин аныктоо жана бекитүү |
4 | Адамдарды сатуунун курмандыктарын башка жакка жиберүүнүн улуттук механизмин (БЖУМ) иштеп чыгуу жана бекитүү | ИИМ, ЭСӨМ, ССМ, БИМ, ТИМ, Миграция кызматы, макулдашуу боюнча: ЭАУ, КЭУ | 2017- жылдын IV кварталы, 2018-жылдын I жарым жылдыгы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам берүү жана коргоо боюнча ведомстволор аралык өз ара карым-катыштын деңгээли жогорулатылат |
5 | БЖУМ жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу: - Адамдарды сатуунун курмандыктарын аныктоо, идентификациялоо, артка кайтаруу жана башка жакка жиберүү боюнча типтүү нускама; - Адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан тейлөө жана алардын керектөөлөрүнө багытталган жолдорду колдонуу боюнча типтүү нускама | ИМ, ЭСӨМ, ССМ, БИМ, ТИМ, Миграция кызматы, макулдашуу боюнча: ЭАУ, КЭУ | 2018-жылдын II жарым жылдыгы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Адамдарды сатуунун курмандыктары менен иштөө механизми түзүлөт |
6 | Адамдарды сатуунун курмандыктары үчүн башпаанек жайлардын/реабилитациялык борборлордун ишин регламенттеген жобонун долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | ЭСӨМ, ССМ, Миграция кызматы, макулдашуу боюнча: ЭАУ, КЭУ | 2017-жылдын IV кварталы - 2018-жылдын I жарым жылдыгы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынат |
7 | Адамдарды сатуунун курмандыктарынын моралдык жана материалдык залалдарын компенсациялоо өзгөчөлүктөрү боюнча "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштарды иштеп чыгуу | ИИМ, макулдашуу боюнча: Башкы прокуратура, Жогорку сот, ЭАУ, КЭУ | 2019-жылдын I кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Сунуштар жана сунуштамалар иштеп чыгылат |
8 | Нике агенттиктеринин ишин жөнгө салуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу. Өркүндөтүүнү талап кылган ченемдик укуктук актылардын тизмегин аныктоо | Миграция кызматы | 2017-жылдын IV кварталы - 2018-жылдын I жарым жылдыгы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Нике агенттиктеринин ишин жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук база өркүндөтүлөт |
9 | "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына социалдык жарнактарды жайгаштыруу тартибин жана шарттарын (акысыз жайгаштырууну камсыз кылуу максатында, анын ичинде теле көрсөтүүдөгү жана радиодогу прайм-таймдарга, донордук каражаттардын эсебинен басып чыгарылган жалпыга маалымдоо каражаттары басылмаларынын биринчи же акыркы тилкелерине) иштеп чыгуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү | ММТМ, Миграция кызматы | 2017-жылдын IV кварталы - 2018-жылдын I жарым жылдыгы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Калктын маалыматка жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана камсыз кылуу, мыйзамсыз миграциянын жана адамдарды сатуунун коркунучтары жөнүндө калкка маалымат берилет |
2. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча чаралар | |||||
10 | Адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча маалыматтык стратегияны иштеп чыгуу | Миграция кызматы, ИИМ, МТММ, ЭСӨМ, БИМ, ССМ, Жаштар жана спорт агенттиги: ЭАУ, КЭУ | 2018-жылдын I жарым жылдыгы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Адамдарды сатууга каршы аракеттенүүнүн мамлекеттик саясатынын стратегиялык багыттарын аныктоо |
11 | Адамдарды сатуунун алдын алуу, бөгөт коюу жана коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлерин окутуудагы керектөөлөргө баалоо жүргүзүү | Миграция кызматы, ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ИИМ, МЧК, МБК, макулдашуу боюнча: Башкы прокуратура, ЭАУ, КЭУ | 2018-жылдын IV кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлеринин билим жана көндүм деңгээли жогорулатылат. Өткөрүлгөн семинарлардын жана окутулган кызматкерлердин саны |
12 | Адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иштеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн алардын керектөөлөрүн өз убагында камсыздоо боюнча нускамаларды иштеп чыгуу | ЭСӨМ, ИИМ, ССМ, БИМ, Миграция кызматы, МТММ, ТИМ, макулдашуу боюнча: Башкы прокуратура, Жогорку сот, ЭАУ, КЭУ | 2018-жылдын II жарым жылдыгы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугу жогорулатылат |
13 | Укук коргоо органдарынын, эмгек, социалдык өнүгүү жана миграция, билим берүү, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлери, ошондой эле ЖМК кызматкерлери үчүн адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча окутуу семинарларын өткөрүү | ЭСӨМ, ИИМ, ССМ, БИМ, Миграция кызматы, МТММ, ТИМ, макулдашуу боюнча: Башкы прокуратура, Жогорку сот, ЭАУ, КЭУ | 2018-2019-жылдар | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин, ошондой эле ЖМК өкүлдөрүнүн кесиптик көндүмдөрүн жана билим деңгээлин жогорулатуу |
14 | Саламаттык сактоо уюмдарында, анын ичинде төрөткө жардам берүүчү мекемелерде илип коюу үчүн медицина кызматкерлерине жана бейтаптарга арнап адамдарды сатуунун түрлөрү, анын алдын алуу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын контакттык маалыматтары, ишеним телефондору жана башкалары тууралуу методикалык материалдарды даярдоо | ССМ, Миграция кызматы, макулдашуу боюнча, ЭАУ, КЭУ | 2019-жылдын I кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Саламаттык сактоо кызматкерлеринин көндүмдөрү жана билим деңгээли жогорулатылат |
15 | Колдонуудагы окутуу методикасын пайдалануу менен, жалпы билим берүү жана кесиптик билим берүү окуу жайлары үчүн адамдарды сатууга каршы күрөшүү жаатындагы методикалык колдонмону иштеп чыгуу | БИМ, ИИМ, ССМ, макулдашуу боюнча: ЭАУ, КЭУ | 2019-жылдын I жарым жылдыгы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Окугандардын билим жана көндүм деңгээли жогорулатылат. Окуу сааттарынын саны. Окутулган адамдардын саны |
16 | Жарандарга тышкы миграция маселелери боюнча маалыматтык-консультациялык кызмат көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарына тышкы эмгек базарында уюшкандыкта ишке орношуусуна көмөктөшүү | Миграция кызматы, макулдашуу боюнча: ЭАУ, КЭУ | Дайыма | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Кыргыз Республикасынын жарандарынын миграция маселелери боюнча маалымдуулук жана укуктук сабаттуулук деңгээли жогорулатылат |
17 | Адамдарды сатуунун алдын алуу жана колдоого алуунун жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу адамдарды сатуунун курмандыктарына маалымат берүүчү социалдык роликтерди даярдоо жана трансляциялоо | МТММ, Миграция кызматы, БИМ, ЭСӨМ, Жаштар жана спорт агенттиги, "ЭЛТР", макулдашуу боюнча: ЭАУ, КЭУ | Дайыма | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Телекөрсөтүүдө жана радиодо социалдык роликтерди берүү жана ЖМКда чагылдыруу аркылуу жарандардын маалымдуулук деңгээли жогорулатылат |
18 | Адамдарды сатуунун алдын алуу жана колдоого алуунун жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу адамдарды сатуунун курмандыктарына маалымат берүү боюнча басма маалыматтык материалдарды даярдоо жана таратуу | Миграция кызматы | Дайыма | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Маалыматтык материалдар (буклеттер, брошюралар ж.б.у.с.) аркылуу жарандардын маалымдуулук деңгээли жогорулатылат |
19 | Мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын адамдарды сатууга каршы күрөшүү маселелерин чагылдыруу боюнча иштерин жана тобокелчил топтор менен адамдарды сатуунун курмандыктары үчүн консультация берүүнүн жана колдоого алуунун жеткиликтүүлүгүн координациялоо | Миграция кызматы, ИИМ, УКМК, ЭСӨМ, БИМ, ССМ, МЧК, макулдашуу боюнча: Башкы прокуратура, ЭАУ, КЭУ | 2017-жылдын IV кварталы - 2018-жылдын I жарым жылдыгы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын адамдарды сатуунун алдын алуу жана каршы аракеттенүү маселелери боюнча иштери күчөтүлөт |
20 | Адамдарды сатуунун алдын алуу маселелери боюнча консультация берүүчү ишеним телефонун ("тынымсыз байланышты") координациялоо жана оптималдаштырууга карата сунуштарды иштеп чыгуу жана жайылтуу | Миграция кызматы, ИИМ, УКМК, ЭСӨМ, БИМ, ССМ, МЧК, макулдашуу боюнча: Башкы прокуратура, ЭАУ, КЭУ | 2017-жылдын IV кварталы - 2018-жылдын I жарым жылдыгы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | "Ишеним телефону" аркылуу сапаттуу жана толук консультация берүү |
21 | Областтарда адамдарды сатуунун алдын алуу жана адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Жаштар жана спорт агенттиги, ЖӨБ жана этностор агенттиги, макулдашуу боюнча ЖӨБО, ЭАУ, КЭУ | Дайыма | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Калктын маалымдуулук деңгээли жогорулатылат |
22 | Адамдарды сатуунун курч маселелерин чагылдыруу боюнча семинарларды, конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүү | Макулдашуу боюнча: Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппараты, ЭАУ, КЭУ | Дайыма | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Окутуудан өткөн адистердин саны. Адамдарды сатууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин билим деңгээли жогорулатылат |
23 | Региондордо диний лидерлерди тартуу аркылуу адамдарды сатуунун алдын алуу жана адамдарды сатуунун курмандыктарына колдоо көрсөтүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү | Макулдашуу боюнча: Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, КРДБ, ЭАУ, КЭУ | Дайыма | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Калктын маалымдуулук деңгээли жогорулатылат |
24 | Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңештерди түзүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, макулдашуу боюнча: Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | 2018-жылдын I кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Координациялык кеңештер түзүлөт жана өз иштерин жүргүзүшөт |
25 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө караштуу Укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмелеринин, ошондой эле адамдарды сатууга каршы күрөшүүгө байланышкан иш-чараларды кошуу аркылуу коомдук-профилактикалык борборлордун иштерин активдештирүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | Дайыма | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө караштуу Укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмелеринин жана облустардагы адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңештердин биргелешкен иштери активдешет |
26 | Илинчектерди, далилдерди аныктоо жана жыйноо аркылуу адамдарды сатууга байланышкан жазык иштеринин тергөө сапатын жогорулатуу | ИИМ, УКМК макулдашуу боюнча: Башкы прокуратура, Жогорку сот | Дайыма | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Козголгон жазык иштердин тергөөсүн, тагылган айыптоолордун тергөөсүн, ишти сотко өткөрүүнүн, жана айып өкүмдөрүн чыгаруунун сапаты жакшыртылат |
27 | Адамдарды сатуунун курмандыктарынын, адамдарды сатуу тууралуу иште жабырлануучу жана күбө катары өтүп жаткандардын күбө катары көрсөтмө берүүсүнүн альтернативалык формаларын колдонуу (видео байланыш, жеке дайындарын коргоо ж.б.у.с.) | ИИМ, УКМК, макулдашуу боюнча: Жогорку сот, Башкы прокуратура | 2020-жылдын I кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | Тергөөнүн сапаты жогорулайт |
28 | Адамдарды сатууга күнөөлүү адамдардын кылмыштуу жолдор менен тапкан мүлкүн конфискациялоону камсыз кылуу максатында, активдердин сакталуусун аныктоо жана камсыз кылуу методикасын өркүндөтүү жана соттун чечими боюнча адамдарды сатуунун курмандыктарына компенсация төлөп бер |