КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 742 токтому

2017-жылдын 14-ноябрындагы № 742 токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

“Борбордун статусу жөнүндө” жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын 13 жана 14-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

жогоруда аталган токтомдун 10-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 231-пункт менен толукталсын:

“231. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат (саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык кызматчылар).”.

2. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 357 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш. 

Премьер-министр                                                                    С.Ж.Исаков

 

Тиркеме

“  4-тиркеме

 

Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кызматтык маяналарына

ЭСЕЛҮҮЛҮК КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ

 



Кызматтын аталышы

Эселүүлүк коэффициенттери

1

Бишкек шаарынын мэри, Ош шаарынын мэри, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, Ош шаардык кеңешинин төрагасы

4,5

2

Облустук маанидеги шаардык кеңештин төрагасы, облустук маанидеги шаардын мэри, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басары, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы (ар бир жергиликтүү кеңеште туруктуу комиссиялардын эки төрагасынан ашык эмес)*

3,8

3

Райондук маанидеги шаардык кеңештин төрагасы, райондук маанидеги шаардын мэри

3,0

4

Айыл өкмөтүнүн башчысы (калктын саны 10000 адам жана андан жогору болгондо)

2,7

5

Айыл өкмөтүнүн башчысы (калктын саны 10000 адамга чейин болгондо)

2,6

  *Эскертүү. Бишкек жана Ош шаардык кеңештердин туруктуу комиссияларынын учурдагы төрагаларынын орточо эмгек акысы алардын ыйгарым укуктары токтотулган учурга чейин сакталат. Андан кийин Бишкек жана Ош шаардык кеңештердин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын көрсөтүлгөн кызмат орундарына дайындалган/шайланган адамдарга эмгек акы ушул тиркемеде белгиленген коэффициенттердин негизинде жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.

Тиркемелер

Басып чыгаруу