Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө
“Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков