КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы №327 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 «Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жарандарына идентификациялык жеке номерлерди мыйзамсыз ыйгарууга бөгөт коюу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 «Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибинде:

15-пункту төмөнкүдөй редакциядагы бешинчи абзац менен толукталсын:

«- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык берилген Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгы тууралуу маалымкат (жарандыгы аныкталбаган адамдар үчүн).».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

  Премьер-министр                                                           М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу