Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-январындагы № 10 «Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасын жана планын бекитүү жана номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 92-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-январындагы № 10 «Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасын жана планын бекитүү жана номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасында жана планында:
- 3-главасынын 36-пунктунун 2-пунктчасындагы экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«801ден 879га чейин жана 890дон 899га чейин (803төн жана 809дан тышкары);»;
- 5-главасынын 56-пунктунда;
1-таблицасы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
5-таблицасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 6-главасынын 57-пунктунун 9-таблицасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
- 10-главасынын 86-пункту «билдирет» деген сөздөн кийин «, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн алуу коддорун өзгөртүүгө тиешелүү болгон, ал эми электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн алуунун аталган коддорун колдонгон электр байланыш операторлору ушул өзгөртүүлөргө каршылыгын билдирбеген учурлардан тышкары, мындай чечим бир айдан ашык эмес убакыттын ичинде операторлорго кабарланат» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев