2018-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө
2018-жылга статистикалык иштердин курамын жана мазмунун аныктоо максатында, «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2018-жылга статистикалык иштердин программасы (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарба субъекттери (макулдашуу боюнча) мамлекеттик статистика боюнча тиешелүү органдарга Программада каралган мөөнөттөрдө статистикалык жана административдик маалыматтарды берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде статистикалык иштерди каржыласын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 708 «2016-жылга статистикалык иштердин программасы жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ж.Исаков |