КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 734 токтому

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 198 токтомунун редакциясына ылайык)

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр:

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына кайра түзүлсүн, мында коомдук тартипти камсыздоо функциялары жана тийиштүү штаттык бирдиктери, материалдык-техникалык базасы, имараттары, курулмалары жана товардык материалдык баалуулуктары ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрүнө өткөрүлүп берилсин;

- "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобилдик инспекция башкармалыгынын Адистештирилген монтаждык-эксплуатациялоо башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Адистештирилген монтаждык-эксплуатациялоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасына кайра түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жөнүндө жобо, 1 -тиркемеге ылайык;

- "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Адистештирилген монтаждык-эксплуатациялоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын уставы, 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башкаруу схемасы, 3-тиркемеге ылайык.

3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана анын бөлүктөрүнүн кызматкерлеринин штатын алгачкы комплекттөө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жана анын бөлүктөрүнүн иштеп жаткан кызматкерлеринин арасынан кайра дайындоо жолу менен жүзөгө ашырыла тургандыгы;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жана анын бөлүктөрүнө кызматкерлер конкурстук негизде тандалып алына тургандыгы.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышындагы, преамбуласындагы, 1, 2 жана 4-пункттарындагы "Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын" деген сөздөр "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасынын уставында:

- аталышындагы "Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын" деген сөздөр "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пунктундагы "Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын" деген сөздөр "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын" деген сөздөр менен жана "Жол-кайгуул кызматын" деген сөздөр "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пунктунда:

- экинчи абзацындагы "Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын" деген сөздөр "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- үчүнчү абзацындагы "Главного управления патрульной милиции" деген сөздөр "Главного управления по обеспечению безопасности дорожного движения" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пунктунда:

- экинчи абзацындагы "ПМББ" деген аббревиатура "ЖКККББ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

- үчүнчү абзацындагы "ГУПМ" деген аббревиатура "ГУОБДД" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

- 1, 3, 10, 11, 12, 15, 18, 22 жана 28-пункттардагы "ПМББ" деген аббревиатура "ЖКККББ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 112 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.



Кыргыз Республикасынын 

Премьер-министри


С.Исаков


3-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башкаруу
СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 198 токтомунун редакциясына ылайык)

Описание: image001.gif