КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 723 токтому

Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби жөнүндө

Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамынын долбоорун бюджеттик пландоону жана түзүүнү регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 71 жана 91-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана  республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

  Премьер-министр                                                                        С.Ж.Исаков